• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кырсыкка учураган тез жардам унаасында кош бойлуу келин болгон

6 Чын куран 2020 13:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарынын Жал кичи районунда тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсык болду. Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметовго шилтеме кылып АКИpress агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, тез жардам кызматына чакыруу саат 10:34тө түшкөн. Ак-Өргө конушунда 26 жаштагы келиндин толгоосу башталган.

«Айтылган дарекке фельдшердик бригада жөнөтүлүп, келинди Чүйдөгү ооруканага алып бара жатышкан, анткени анын каттоосу ошол жерде экен. Саат 11:10дө Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасы «Камри» менен кагышкан», — деди ал.

Жол кырсыктын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусунун бармагы жана билеги, фельдшердин акыреги сынган.

«Алар Бишкек травматологиялык жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилди. Калгандарынын абалы жакшы. Кош бойлуу келин төрөтканага жаткырылды, ал жаракат алган жок», — деген башкы дарыгер жол кырсыкка ким күнөөлүү болгону белгисиз экенин кошумчалады.

Учурда укук коргоо органдары кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат.

Количество просмотров: 15727