• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жол кырсыгына кабылган тез жардам унаасы оодарылып калды (видео)

24 Үчтүн айы 2022 12:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-январда эртең менен Кант шаарынын борборунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа жана тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тез жардам унаасынын жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттары иштеп турган, бирок жолдун кесилишинен жол тандабас бет маңдайынан чыгып, унаалар сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшери жабыркаган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Унаалар айып аянтчасына токтотулду.

Количество просмотров: 287