• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жаңы алынган «Тез жардам» унаасы жолдо бузулуп калды (видео)

17 Теке 2020 0:29 Бишкек Govori.TV

Жаңы алынган «Тез жардам» унааларынын бири Боом капчыгайында бузулуп калды. Бул тууралуу күбө социалдык тармакка жарыялады.
Видео материалдан унаанын бузулуп, жолдо калганын көрүүгө болот.

«Жаңы келген «Тез жардам» унаасы эмитен бузулса, жардам көрсөтүп жыргатпайт го»,-
деп билдирген күбө.

Министрлик жаңы сатып алынган «Тез жардам» унаасынын бузулушу боюнча маалымат берди.

«Тез жардам» унаасы Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасына жеткирилмек. Боом капчыгайынан техникалык мүчүлүштүк жаралып, унаа бузулуп калган. Окуя болгон жерге жеткирүүчү компания тарабынан механиктер тобу барышкан. Учурда унаа Чолпон-Ата шаарына токтотулду. Адистердин кароосунан кийин кошумча маалымат берилет», — дешти министрликтен.

Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги 13 жаңы тез жардам унаасын сатып алганы кабарланган болчу.

Количество просмотров: 181