• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кырсыктан улам унаа экиге бөлүнүп, эки адам каза тапты

24 Жетинин айы 2018 20:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.11.2018.Govori.TV.

24-ноябрга караган түнү Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен автоунаа экиге бөлүнүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы «Мадина» базарынын жанында 7-апрель көчөсүндө катталган. Айдоочу рулду башкара албай, машина жолдон чыгып түркүккө барып урунган.

Автоунаа экиге бөлүнүп кеткен. Айдоочу менен жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Каза болгон айдоочу 26 жашта, жүргүнчү 22 жашта болгон.

Количество просмотров: 58