2024-жылдын 15-октябрынан тарта борбор калаадагы муниципалдык менчиктеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат.
Өчүрүлгөндөн кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары фонтандардын бассейндеринен сууну агызып, тазалоо иштерин башташат.
Анын ичинде «Ала Тоо» аянтындагы фонтан топтору да өчүрүлөт. Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан курулуштарын консервациялоону, анын ичинде сууну агызууну, системаларды тазалайт, коргоочу конструкцияларды орнотот.
Эске сала кетсек, «Ала Тоо» аянтындагы фонтандар реконструкциядан кийин 2024-жылдын 21-сентябрында ачылган.
Бул аралыкта 100 миңге жакын жарандар жана борбор калаанын коноктору борбордук аянтка келишкен.