• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыштан кандай чыгабыз? Жарык жана жылуулук өчпөйбү?

21 Тогуздун айы 2022 13:48 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 19-октябрында Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Анда төрага бир жыл ичинде бардык тармакта айлык маяналардын өскөнүн, мектеп, бала бакчалардын салынганын айтты.


Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тажик тараптын куралдуу агрессиясынан Баткенге келтирилген зыяндар, ыкчам көрүлгөн иш чаралар жана окуянын кесепетин жоюу боюнча иш-чаралар тууралуу баяндап берди.


Өкмөттүн берген баяндамасы эл өкүлдөрүн толук кандуу ынандырган жок. Анткени Баткенде келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүдө жана өлкөдөгү көмүрдүн жетишсиздиги өңдүү маселелер өз убагында чечилбегенин сынга алышты.


Эл өкүлү Таалайбек Сарыбашов чет жактан бөлүнгөн гранттарды экинчи борбор болуп эскептелген Ош шаарына да караштыруу керектигин эске салды.


Өкмөттүн берген маалыматына караганда кыргызстан жомоктогудай жашоодо жашап атат экен. А бирок, алардын айткандары көп өтпөй кыш мезгилинде эле далилденип калаарын айтышты.

Количество просмотров: 283