Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында эгер кышкы мезгилде трансформаторлорго ашыкча жүк келсе, электр жарыгын өчүрүлөр болот.
Ал «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйын учурунда, трансформаторлор ашыкча жүк келсе, энергетиктер аларды өчүрүп, жөнгө салуу чараларына өтүшү керек билдирди.
«Бул фидерди өчүрүп, башка фидерге өтүү дегендик. Бул бизге бир жарым саатты талап кылынат. Подстанция биздин мекеменин жанында, башкача айтканда, электр бөлүштүрүүчү түйүн менен болсо, анда жарым саат убакыт кетет. А эгер барыш керек болсо, убакыт көп кетет», — деди Ибраев.