• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев: «Саат 22:00дөн кийин бардык тойлор, оюн-зоок иш-чаралары токтошу керек»

13 Жетинин айы 202512:58 Бишкек Govori.TV

Түнкү убакта элге тынчтык берүүгө багытталган мыйзам бардык жерде аткарылбай жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион ТВ” телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, токтомго ылайык, кечки саат 22:00дөн кийин бардык той, оюн-зоок иш-чаралары, түнкү клуб, кафе-ресторандар ишин токтотушу керек. Анткени, элге саат 22:00дөн 07:00гө чейин тынчтык шарттары камсыздалууга тийиш.

Ал жергиликтүү жетекчилерге катуу эскертүү берип, эгер талап аткарылбаса, тойканалардын жана кафелердин электр жарыгын саат 22:10дө өчүрүү керек дейт.

“Жергиликтүү бийлик органдарына эскертүү берем. Мындан кийин бардык кафе, тойкана, түнкү клуб, оюн-зооктор 22:00дө ишмердүүлүгүн токтотушу керек. Эгерде токтотпосо электр жарыгын өчүрүп койгула. Саат 22:10дө бардык тойкана, кафелердин свети өчүрүлсүн. Эгерде жыйнай турган болсоңор, эртеси күнү эрте менен эрте келип жыйнап, тазалагыла”,-деди ал.

Количество просмотров: 132