• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кытай абагындагы 2 кыргызстандык мекенине келди

15 Бугу 201911:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Кытайдын абактарында көп жылдык жаза мөөнөтүн өтөгөн Кыргызстандын эки жараны бүгүн Бишкекке келди. Кабарды Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти таратты.

Окуя министрликтин чет өлкөлөрдө камакка алынган КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы абакка кесилген жарандарды өткөрүп берүү келишиминин алкагында жүзөгө ашты.

14-майда Кытайдын Үрүмчү шаарында Кытайдагы Кыргызстандын Консулунун катышуусу менен аталган жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик мызматына өткөрүлүп берилди.

«Биздин жарандарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим Тышкы иштер министрлигинин, башкы прокуратуранын, Кыргызстандын Пекиндеги элчилигинин Кытай тарап менен жүргүзгөн жемиштүү иштеринин натыйжасында жетишилди», — деп айтылат министрликтин маалыматтык департаментинин билдирүүсүндө.

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын дагы бир жаранын өткөрүп алуу пландалып жатканы кошумчаланат

Количество просмотров: 15