• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кытай кыргыз милициясына 30 млн юандык атайын жабдык берет

14 Бугу 201916:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Кытайдын коомдук коопсуздук министрлиги Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 30 млн юандык (304 млн сомдук) полиция кызматкерлери колдоно турган жабдыктарды берет.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи баштап келген делегация менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, протоколдорго кол коюлду.

Протоколдордун бирин ишке ашыруунун алкагында Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги кайтарымсыз негизде Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 30 млн юандык жабдыктарды (полициялык) берет.

Мындай техникалык жардам кыргыз милициясынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойномокчу.

Количество просмотров: 14