• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

26 Жалган куран 2020 14:11 Бишкек Govori.TV

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытай бет кап жана жеке коргоочу каражаттарды жөнөткөн. Коңшу мамлекеттин жардамын кечээ, 25-мартта «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алган.

«Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг тапшырды. Дарыгерлер үчүн 10 миң даана респиратордук бет кап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу бет кап, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 90