• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытай Марска космостук зондун чыгарды

11 Бирдин айы 2021 18:05 Бишкек Govori.TV

Кытай Марс орбитасына «Тяньвэнь-1» космостук зондун чыгарды. Жабдуу май айынын аягында планетага конору күтүлүүдө. Окумуштуулар бул миссия Марсты иликтөөнү жакшыртарынан үмүт артышууда.

Майга чейин зонд планетанын үстүн сүрөткө тартып, аппаратты кондуруу үчүн оптималдуу жерди тандайт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча бул Марстын түндүк жарым шарында, Утопия түздүгүндө жайгашат. Жабдуу планетада үч ай болот.

Күн мурун Марс орбитасына биринчи арабиялык «Аль-Амаль» («Үмүт «) спутниги чыгарылган. Анын максаты – атмосфераны, климаттык шартты жана жыл мезгилдеринин алмашуусун иликтөө.

Количество просмотров: 77