• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кытай полициясы iPhone өндүргөн заводдогу жумушчулардын нааразылыгын күч менен басты

25 Жетинин айы 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Кытайдын Чженчжоу шаарындагы Apple смартфондорун өндүргөн ири заводдо жумушчулар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Жыйынтыгында укук коргоо кызматкерлери айлыктардын төмөндүгүнө жана эмгек шарттарынын начардыгына даттанган жумушчулардын нааразылыгын күч менен басты.

Соцтармактарга жарыяланган видеотасмаларда жүздөгөн жумушчу полиция кызматкерлерине карышылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Тартип сакчыларынын көбү ак түстөгү коргонуу кийимин кийип, желим калкан көтөрүп алышкан. Кадрлардан жумушчулар айлыктын төмөндүгүнө жана санитардык шарттарга даттанып жатканы угулат.

Нааразылыктар 22-ноябрда эртең менен башталган. Жумушчулар Apple’дин туундуу жалдануучусу (субподрядчик) эсептелген Foxconn компаниясынын жетекчилигине нааразылык билдиришкен. Алардын айтымында, компания жумушчуларга ишке алып жатканда убадалагандай эки ай үчүн 25 миң юандан (3,5 миң доллар) төлөп берген эмес. 24-ноябрда компания эмгек акыны төлөп берүүдөгү башаламандыкка «техникалык ката» себеп болгонун билдирип, жумушчулардан кечирим сурады.

Жумушчулар мындан тышкары COVID-19 жуктуруп алган кызматкерлер башкалардан изоляцияланбай жатканына нааразы болушкан. Өз кезегинде Foxconn бул маалыматты «жалган» деп атап, жаңы жумушчуларды жайгаштырууда жатаканаларда «стандарттуу дезинфекция процедуралары» жасалып турарын билдирди.

«COVID-19га карата нөлдүк сабырдуулук» саясатынын алкагында Кытайдагы ишканалардын жумушчулары узак убакыт бою сыртка чыкпастан имараттын ичинде жашап, иштеп келишет. Октябрда Чженчжоу заводунун жумушчулары жапырт түрдө иштен кете баштаган. Мындан улам Foxconn компаниясы «жагымдуу бонустарды» сунуштоо менен жаңы кызматкерлерди жалдап, 100 миңден ашык киши ишке киришкен.

Бирок буга карабастан Apple Чженчжоу заводундагы мүчүлүштүктөрдөн улам iPhone 14 үлгүсүндөгү смартфондорду жеткирүү азаярын билдирди.

Күн мурун Кытайда бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны боюнча тарыхый максимум – 31 700 учур катталган. Алардын 87% оорунун белгилери болбогону кабарланган.

Количество просмотров: 79