• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кытайда 40тан ашуун кишини алдап, издөөдө жүргөндөр Оштон кармалды

7 Бештин айы 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

 Мекенинде ири алдамчылыкка шектелген Кытай жарандары Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Интрепол багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 59 жана 55 жаштагы эркек менен аял колго түшүрүлгөн.

ИИМдин маалыматы боюнча, шектүүлөр калктан ири көлөмдө акча алган делип Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан 2020-жылдан бери изделип келген. Финансылык шылуундук менен алар 40тан ашуунун кишинин 17,44 миллион юанын (болжол менен 2,5 миллион доллар) өздөрүнө ыйгарып алган.

Количество просмотров: 234