Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына карагандай, 27-октябрда саат 16:52де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди
Жердин титиреши Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 2,5 балл болуп сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок