• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кытайда марафондун 21 катышуучусу тоңуп өлдү

24 Бугу 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясында уюштурулуп, 100 чакырымга пландалган бул марафон бийик тоо кыркалары аркылуу өткөн. Башында аба ырайы ачык болуп, марафонго чуркагандар жеңил-желпи кийинишкен жана алардын жанында жылуу кийимдери болгон эмес. 2-3 сааттан кийин тоодо аба ырайы кескин бузулуп, катуу шамал башталып, жамгыр төгүп, карга айланган.

Ошол замат марафон токтотулуп, жөө күлүктөрдү издөөгө куткаруучулар жөнөтүлдү. Жалпысынан 172 адам чуркаса, алардын айрымдары аба ырайы бузула баштаганда эле жолдон калышкан. Ал эми көпчүлүгү жаанга карабай, чуркоону улантып, катуу суук урган учурда тоолуу аймактарга жетип калышкан.

Жекшемби күнү таңга жуук издөө иштеринин жыйынтыгында марафондун 151 катышуучусу куткарылды. Ошондой эле тоолордон сууктан тоңуп өлгөн 21 адамдын сөөгү табылды. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул кырсыкка марафонду уюштурган Байин шаардык бийлигин айыпташууда. Аткаминерлер элден кечирим сурашты.

Количество просмотров: 222