• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кытайда мейманкананын жанында жарылуу болду (видео)

11 Аяк оона 202010:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-сентябрда Кытайдын түштүгүндө жайгашкан Гуандун провинциясынын Чжухай шаарындагы мейманкананын жанында жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, жергиликтүү өрт өчүрүү кызматына жарылуу тууралуу маалымат саат 9:00 чамасында (Пекин убактысы боюнча) түшкөн. Окуя болгон жерге 11 өрт өчүрүүчү унаа барган.

Кытайдын борбордук телеканалы кабарлагандай, жарылуунун кесепетинен 3 адам жабыркаган. Каза болгондор тууралуу маалымат жок. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

https://www.youtube.com/watch?v=0JAB5C98OtQ
Количество просмотров: 450