Кытайдын Ухань шаарындагы коркунучтуу илдеттин жайылышы менен жашоочулар үчүн аэропорттор, темир жол станциялары жабылды. Көп нерсеге чектөө коюлгандыктан шаар тургундары азык-түлүк талашып, соода түйүндөрдө башаламандык жаралууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда 600гө чукул адам вируска кабылса, алардын ичинен 95и оор абалда, 17ге жакын адам каза болгону айтылууда.