• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кытайдан качып келген казак Кайша Акан алты айга шарттуу кесилди

24 Бештин айы 2019 16:48 Бишкек Govori.TV

Алматы облусундагы Панфилов райондук соту 23-декабрда кытайлык казак Кайша Акандын ишин карап, алты айга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Ал “Чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча айыптуу деп табылды. Ошол эле маалда сот Аканды Кытайга кайтарбай, Казакстанда калтырды.

Өкүм чыгаруу алдында Кайша Акандын Казакстан жаранына турмушка чыкканы, башпаанек издөө үчүн күбөлүгү болгону, этникалык казак иретинде Казакстан жарандыгын алууга укугу бар экени, Кытайда кылмыш жасабаганы эске алынган.

Буга чейин Акан “мыйзамсыз чек арадан өткөнүн” мойнуна алган. Ал “саясий жактан кайра тарбиялоо лагерине” түшүп калуудан коркконун айткан. Ал Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан «Хоргос» базарына барып, андагы казак соодагерлерге аралашып, Казакстанга жашыруун кирген.

Мурдараак “Чек арадан мыйзамсыз өтүү“ айыбы менен алты айга эркиндиги чектелген Сайрагүл Сауытбай Казакстандан башпаанек ала албай, үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кеткен. Ал Швециядан башпаанек алган.

Учурда кытай бийлиги мусулман динин карманган уйгур, казак жана кыргыз улутундагы жарандарды кармап, «тарбия лагерлерине» камап жатат. Дүйнөлүк коомчулуктын сынынан кийин мурда мойнуна албай келген кытай бийлиги аз улуттар үчүн лагерлер бар экенин, бирок алар «кесиптик билим берүү борбору» деп аталарын жарыялаган.

Количество просмотров: 243