• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытайдан кайткан 12 кыргызстандык студент ооруканада жатат

30 Үчтүн айы 2020 11:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саламаттык сактоо уюмдарынын боксташтырылган палаталарына бардыгы болуп 12 адам жаткырылган. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 29-январга карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарынын боксташтырылган палаталарына бардыгы болуп 12 адам жаткырылган. Алардын бардыгы тең Кытайдын окуу жайларында билим алган кыргызстандык студенттер болушат. Ысык-Ата аймактык ооруканасында 6 адам, Москва аймактык ооруканасында 6 студент үзгүлтүксүз медициналык кароого алынган. Бардыгынын тең абалы канааттандыраарлык, коронавирустун клиникалык белгилери жана симптомдору табылган жок», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, Ысык-Ата аймактык ооруканасында жаткан 6 студент кечээ, 28-январь күнү эрте менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан «Ак-жол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу келишкен. Москва аймактык ооруканасындагы 6 студент да кечээ, 28-январь күнү Россия аркылуу келген.

Белгилей кетсек, жугуштуу оорулар боюнча талаптарга ылайык, вирус табылган аймактардан келген адамдар так диагноз коюлганга чейин керектүү болгон лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүшү керек.

Количество просмотров: 494