Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланат.
Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралып, өзгөчө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле “Барскоон-Үч-Турпан-Аксуу” унаа жолунун курулушу тууралуу кенен сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын сентябрында жөнөкөй тартипте, убактылуу шарттарды түзүү менен “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун расмий ачылышы пландалууда. Азыркы учурга карата “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктундагы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлдү. Ал эми калган инфраструктура эл аралык стандарттарга ылайык, жакынкы жылдары эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.
Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу маселелери каралды.
Жолугушуунун соңунда тараптар жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилсе, келечекте эки тараптуу жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эл аралык маанидеги маанилүү транспорттук-логистикалык коридор болуп, соода жүгүртүүнү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмүн көбөйтүү камсыз болмокчу.
Кытай менен Кыргызстандын ортосунда учурда эки автожол – Ош облусундагы Эркечтам ашуусу аркылуу жана Нарын облусундагы Торугарт ашуусу аркылуу кирген жолдор бар. Үчүнчү жол – “Барскоон-Үч-Турпан-Аксуу” унаа жолу Ысык-Көл облусундагы Бедел ашуусу аркылуу курулат.