• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кытайдан Sinopharm вакцинасы келгени айтылды

7 Теке 202115:16 Бишкек Govori.TV

Кытайдан Sinopharm вакцинасы келди. Бул тууралуу 17-Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы даарыгеры Гульнара Ташибекова өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.

«Бүгүн экинчи адам Синофарм вакцинасы аскердик учакта алынып келингенин тастыктады. Эми тез арада медициналык мекемелерге таратылсын. Вакцинаны ким күттү, даярдангыла. Колубузга тийээри менен сөзсүз жазам», -деди ал.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ушул аптада Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келерин билдирген. Анын 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде бекер берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.

“Андан сырткары азыркы тапта дагы ушунча өлчөмдөгү кошумча вакцина сатып алуу жагы каралып жатат”,-деди Бакашова.

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы вакцина алган.

Количество просмотров: 118