Кытайда 79 калааны түтүн басты. Бул тууралуу South China Morning Post маалымдады.
Шаарларга көз жеткен жер 50 метрге чейин кыскарды. Бул аба, суу жана башка нерселерге чоң кедергисин тийгизүүдө. Унаа жүрүүчү жолдор жабылып, эскертүүлөр берилди.
Мектеп, университет сыяктуу билим берүү мекемелеринде сабактар токтотулду.
Атмосферадагы зыяндуу заттар декабрь айында көп жыйналып баштап, үч күнгө чейин ушундай түтүн каптаган калыбында турушу мүмкүн. Бул нерсени аба ырайыга шылтоологону менен экологияга кесирин тийгизген завод,фабрикалардын айынан калаалар калың түтүнгө оронуп отурат.
Кытай өкмөтү кышында мындай жагдай жаралбай тургандыгын айтып сөз берди.
Кытайдын экономикалык өсүшү Америка менен болгон соода согушунан кийин солгундап кеткен.