• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цяндын сапары. 12 макулдашууга кол коюлду

25 Тогуздун айы 2023 14:34 Бишкек Govori.TV

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Макулдашууларга кол коюу аземи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цяндын кеңейтилген курамдашы жолугушууларынан кийин орун алды.

Атап айтканда, төмөнкдөгү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;

Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation» кытай компаниясынын ортосундагы «Торугарт 1» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

Ош облусунун Алай районунда жайгашкан «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Goldwind Science and Technology Co., Ltd» компаниясы ортосундагы Кыргыз Республикасында кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Molin Energy Company Limited» компаниясы ортосундагы Кыргыз Республикасында күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана «Delong Steel Group Co., LTD» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Количество просмотров: 69