• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытайдын лагеринен бошотулган кыргыз жараны тууралуу маалымат такталган жок

10 Үчтүн айы 2019 12:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

Кытайдын кайра тарбиялоо лагеринен бошотулган кыргыз жараны Абылет Турдакун тууралуу маалымат такталган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинен кабарлашты.

Алардын маалыматында, Абылет Турдакун азаттыкка чыккан эмес. Дагы эле лагерде кармалууда.

«Абылет Турдакун өзү телефон чалып, боштондукка чыкканын айткан. Бирок, бул калп болуп чыкты. Аны зордук менен телефон чалдырышкан болушу мүмкүн», — дейт комитет өкүлдөрү.
Тышкы иштер министрлиги, бул боюнча расмий маалымат жоктугун, Кытай тараптан жооп күтүп жаткандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Абылет Турдакун 2016-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал 2017-жылы Кытайга барышы менен кармалып, андан бери дайынсыз. Декабрь айында байланышка чыгып, лагерден бошотулганын айткан.

Комитеттин маалыматында, бир этникалык кыргыздын лагерден бошотулганы тууралуу маалымат бар.

Количество просмотров: 25