• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытайдын лидери армияны «аскердик эмес максатта» колдонуу тууралуу жарлыкка кол койду

15 Кулжа 2022 9:51 Бишкек Govori.TV

Кытайдын лидери Си Цзиньпин куралдуу күчтөрдү «аскердик эмес максатта» пайдалануу тууралуу жарлыкка кол койду.

Radio Free Asia белгилегендей, Бээжин мындай чечими менен согуш деп квалификацияланбаган «атайын операцияга» жамынып, Тайванга кол салууга даярданып жатышы мүмкүн.

«Синьхуа» агенттигинин маалыматына караганда, алты бөлүмдөн турган документтин максаттарынын арасында «улуттук эгемендик менен аймактык туруктуулукту колдоо, ошондой эле уюмдарды көзөмөлдөө жана тынч аскердик операцияларды жүргүзүү» пункттары бар.

Бул билдирүү Украинанын президенти Владимир Зеленский «Диалог Шангри-Ла» деп аталган коопсуздук боюнча форумда видеокайрылуу жасап, «Тайван кысыгындагы аскердик аракеттердин коркунучун дипломатиялык жол менен чечүүгө чакыргандан кийин» пайда болууда.

Тайван эч качан Кытайдын Коммунисттик партиясынын башкаруусунда болгон эмес жана Кытайдын курамына кирген эмес. Бирок Бээжин аны Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт. Батыш өлкөлөрү менен Жапония Кытай Тайван менен болгон талаштуу маселелерин чечип алуу үчүн Орусиянын Украинага кол салуу сценарийин колдонушу мүмкүн деп эсептеп жатышат.

Количество просмотров: 249