• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кытайлык кыргыздар президентке кайрылуу жолдошту

26 Жетинин айы 2018 11:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.11.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Президенти 
Шарип уулу Сооронбай Жээнбеков мырзага, 
Кытайдан келген кайрылмандардан жана кытайлык жакындары жапаа чегип жаткан кыргызстандык кыргыздардан
Кайрылуу кат
Урматтуу Кыргыз Мамлекетинин Ажосу, жалпы Кыргыз Калкынын таянар тоосу,
Манас Атабыздын туусун азыр кармап турган Журт Башчысы!
Биздин Сизге кайрылуубуздун себеби: Кытайдагы кыргыз туугандарыбыз «тарбиялоочу лагерь» деп аталган жайларга себепсиз камалууда. Алардын ичинде Кыргызстандын жарандары, Кыргыз Республикасынын паспорттору бар дагы арбын. Учурда Шинжандагы кыргыздардын акыбалы өтө оор. Кытайда «Саясий үйрөнүү лагери» деп атап, бул жактан окуп же иштеп барган кыргыздарды бейкүнөө абакка камап, түрдүү оор соккуларды көрсөтүшүүдө. Кыргыздар эч кандай мыйзамды бузбаса же мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чыкпаса дагы, жоопко тартылышууда. Анын ичинде оор кыйноодон улам каза болгондор дагы бар. Бул көйгөй туурасында Казакстан Республикасы Шинжаңда жашаган казак улутундагы жарандарга жасалган мамилеге байланыштуу Кытайга бир канча жолу нота менен кайрылып, Казак Мамлекетинин тынымсыз жасаган аракетинин натыйжасында ондогон казактын эркиндикке чыкканы жөнүндө кабарыңыз болсо керек. Эл аралык коомчулук аталган лагерлерде жүз миңдеген күнөөсүз жанга кыйноонун эң оор түрү көрсөтүлүп жатканын билдирүүдө.
Кытайга кетип дайыны чыкпай калган жарандарыбыздын жана кандаштарыбыздын үй-бүлөөсү ошондой эле балдары кыйын абалда калышты. Жакындарыбыздан кеткен боюнча кабар болбой, айрымдарыбыз 2 жылдан бери байланыша албай калдык. Биз алардын өмүрүнөн кооптонуп тынчсызданып жатабыз. Кытайда тууган-уруктарыбыз жапырт камалууда, байланыш дагы кылдырбай жатат. Интеллигенция өкүлдөрүнөн профессор Мамбеттурду Мамбетакун, тарыхчы Аскар Жунус сыяктуулар, ал эми катардагы кыргыздардан Абуталып Саамый, Султан Жасын, Малик Масмакун, Турдакун Абылет, Кенжакун Жумаалы, Сүйүналы Жүсүпэмет, Сулайман Орозобай, Амантур Малик, Мүсүралы Үсөн, Камза Салымкожо, Абдылда Асанакун, сыяктуу 50 миңдей кыргыз камакта олтурат.
Кыргыз элинин терең ишенимине ээ болуп турган ак-адилеттүү өлкө башчысы катары Сизге кайрылып турабыз, ушул маселеге көңүл буруп, Кытайда жазыксыз камалган кыргыздарды камактан бошотууга аракет кылууңузду суранабыз. Албетте, биздин беш миң жылдык тарыхы бар, улуу маданияттарды жараткан, Кыргызстандын улуу коңшусу, эң жакын жана ишенимдүү өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасынын бийлигинин ички саясатын жамандап, кийлигишели деген оюбуз жок. Бирок Кыргыз Мамлекети кытайлык кыргыздардын коопсуздугун талап кылууга жана эмне себептен камалып жатышканын билүүгө укуктуу. Кытайдагы кыргыздардын эмне болуп жатканы бизге белгисиз. Ал тургай азыркы учурда Кытайдан келип окуп жүргөн кыргыз студенттер жокко тете, ортодогу байланышуу жолдорубуз таптакыр үзүлүп калды. Сизден Кытайдагы кыргыздарга жардам берүүңүздү суранабыз. Сиздин жардамыңыздын аркасында жазыксыз камалган кандаштарыбыз абактан бошотулат деген ишеничибиз чон!
Жашасын түбөлүктүү Кыргыз-Кытай элдеринин достугу!
Сизди терең урматтоо менен, сизге кайрылган Кытайдан келген кайрылмандар жана жакындары Кытайда жапаа чегип жаткан кыргызстандыктардын атынан
Кайрылуучулар:
1. Салимов Муслихиддин
2. Алымкулова Асила
3. Малик уулу Жусуп
4. Сүйүналы уулу Аалы
5. Ийса уулу Сейитбек
6. Үсөн уулу Турсуналы
7. Абуталып уулу Ажыбай
8. Камза кызы Бейшекан
ж.б.
Количество просмотров: 242