“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Кыял Асаналиева.
Каракол шаарынан келген Асаналиева, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кыргыз адабияты жана манас таануу кафедрасынын доценти.
«Бүгүнкү күндө Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешине депутат болуп шайландым. Алдыда айылымдын көйгөйлөрүн чечейин деген жакшы изги тилегим бар. Мисалы, таза суу, жол маселесин жөнгө салсам дейм»,-деди Асаналиева.