• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кыз боозуп, энесин коркутат». Президент Мадумаров менен Нарматова жөнүндө пикирин айтты

17 Үчтүн айы 2022 14:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ”ВБ” редакциясы менен маек куруп бир катар суроолорго жооп берген. Алардын арасында Жогорку Кенештин депутаттары Адахан Мадумаров жана Орозайым Нарматовалардын суракка чакыртылуусу тууралуу да суроолор бар.

Маектешүүнүн текстинен үзүндү келтиребиз:

— Биринчи суроом, акыркы убакта коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова жөнүндө болмокчу. Экөө тең суракка чакырылды. Экөө тең сизди жана Камчыбек Ташиевди күнөөлөштү. Чынында эле саясий куугунтук болуп жаткан жокпу?

— Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең «беттери калың» экен. Кыргызда «Кыз боозуп, энесин коркутат» деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек эле.

— Эл арасында эмнеге мурда суракка чакырбай, депутат болгондон кийин чакырышат деген суроолор болуп жатпайбы? Чынында эле эмнеге мурда чакырып, суракка алган жоксуңар?

— Биринчиден, Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, «4 көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы» дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен пртоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп, эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун пртоколу күчүндө турат.

Мен дароо эле «Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбаймын, 4 көчөнү кайра карап чыгалы» дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, деморкация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, деморкация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Мадумаров ошол мезгилде сокурлук кылганбы же анын башка материалдык кызыкчылыгы болгонбу мен аны айта албаймын. Бүгүн болсо «буга чейин көптөгөн комиссия карап чыгып, алардын баары бул протоколду кыргыз тараптын пайдасына чечилген деген тыянак чыгарган, ошого карабастан мени чакырып суракка алып жатышат деп айтып жатат. Бул сөзү менен көнгөн адатынча калп айтып, элдин башын айлантып, алдап жатат. Эч ким бул маселени буга чейин карап чыккан эмес жана бир дагы адис Мадумаровдун 4 көчөнү тажиктерге бергени туура деп баа берген эмес. Баа берилген болсо, бир адис же жөнөкөй эле Көк-Таштык адам «мына мен баа бергем, биздин пайдабызгы чечилген» деп айтып чыксынчы. Эч ким айта албайт. Бул протокол менен Лейлек району толук анклав болуп калып жатса, кантип 4 көчө биздин пайдабызга чечилет? Манкурт болуп калган эле бир кыргызстандык айтып чыкпаса, эс-акылы ордунда болгон кыргыз жараны эч качан антпейт. 4 көчө менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу — бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да, «артымда элим бар» деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет.

Мен бир дагы оппозициячыны кама же бошот деп айта албайм. Азыр система иштеп жатат. Ар бир орган өз ишин кылып жатышат. Кылмыш ишин таптыбы тергөөгө алышат. Эгер тергөөгө албай койсо жашырганы үчүн өздөрү жооп беришет. Билип туруп эмне үчүн тергөөгө алган эмессиң деген сурак болот. Азыр система жана мыйзамдар ушундай. Мурдагыдай «депутат экен, министр экен» деп коркуп отурушпайт. Керек болсо тергөө же сот иштерине тиешеси болсо, Президент дагы барып сурак бериш керек. Кол тийбестигим бар деген түшүнүктөн кетели. Антпесек жер сатуулар, коррупциялык көрүнүштөр улана берет. Ошентип барып-барып мамлекетибиз жок болуп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан артыбызда өсүп келе жаткан жаштарга сабак болсун. Кылмыш кылдыңбы, жооп бер.

Эмнеге депутаттыкка чейин суракка алган жок десеңиз, шайлоо өнөктүгү башталып кетти. Менин оюмча, ошол үчүн Башкы прокуратура суракка алганга үлгүрбөй калса керек. Эгер ал мезгилде сурап баштаса, анда дагы «шайлоодон өткөрбөй коюштун амалын көрүп жатышат деп айтышмак.

Ар бир кылмыш иштин жооп берчү мезгили келет.

Ал эми Орозайым боюнча айтсам. Мага келген маалыматтар боюнча шайлоо өнөктүгү башталганда эле диплому жасалма деген арыздар түшкөн экен. ЖАМУга суроо-талап жиберип, жообу келгенче ушул убакка келди дешти.

Негизи кылмыш кылдыңбы, эл катары жооп бер да. Ар кимден күнөө издебей.

Количество просмотров: 12509