• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Кыз кадыры» аттуу иш-чара өтөт

11 Тогуздун айы 2018 9:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Кыздардын эл аралык күнү жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдык маарекесине карата Ошто «Кыз кадыры» аттуу жыйын өтөт.
11-октябрда Бабур атындагы өзбек улуттук драма театрынын имаратында өтө турган иш-чарага түрдүү багыттарда ийгиликке жеткен, тайманбас кыз-жигиттер жаштар менен жолугат.
Спикерлер Бишкектен да барат. Бейөкмөт уюмдар өткөрүп жаткан жыйынды уюштурууга Бириккен Улуттар Уюму колдоо көрсөткөн.
Кыздардын эл аралык күнү 2012-жылы Канаданын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилген. Ал эми Адам укуктарынын жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында Парижде, Башкы Ассамблеянын жыйынында кабыл алынган.

 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 37