• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама Хорватияда өтчү мелдешке катышат

9 Үчтүн айы 2024 15:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Загреб шаарында (Хорватия) өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
  • 68 кг Нурзат Нуртаева;
  • 76 кг Айпери Медет кызы.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.

Эскерте кетсек, ал эми курама команда 15-22-январь күндөрү Тата шаарында (Венгрия) өтө турган Эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышат.

Курама команданын тизмеси:

  • 59 кг Калмира Билимбек кызы;
  • 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
  • 68 кг Нурзат Нуртаева;
  • 76 кг Айпери Медет кызы.
Количество просмотров: 114