• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кызамык оорусyнун cимптомдору жана белгилери

29 Кулжа 202311:16 Бишкек Govori.TV

Республикалык штабдан кызамык оорусyнун cимптомдору жана белгилери тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, кызамык оорусу дене табынын 40°Ска чейин көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, бат-бат кургак жөтөл жана конъюнктивит менен коштолот. Оорунун 4-5-күнүнөн баштап денеге кызыл исиркектер чыга баштайт.

Эң алгач исиркектер ооруп жаткан адамдын кулагынын артында, бетинде жана моюнунда, андан кийин көкүрөгүндө жана тулку боюнда, андан кийин колу-буттарында пайда болот.

“Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек”, — деп белгилешти штабдан.

Теги:
Количество просмотров: 459