Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.
«Кырк кыз» улуттук долбоору бүгүн жыйынтыкталууда. Эске салсак, буга чейин райондордон тандалып алынган 40 кыз жана 40 насаатчы улуттук баалуулуктарды камтыган конкурстун талаптарын аткарышты. Тактап айтсак, улуттун уңгусу болгон эне тил билүү деңгээли аныкталып, кыздар «Кыргызтест» сынагынан өттү. Ошондой эле улуттук тамак-аш өнөрлөрүн көрсөтүп, бешбармакка камыр жайып, жаа атышты.
Бүгүн Кожомкул атындагы спорт сарайда дизайнерлер тиккен улуттук кийимдерди кийип чыгып, өнөрлөрүн тартуулашууда. Уюштуруучулардын сап башында турган журналист Элнура Кулуева улуттук долбоор улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталганын баса белгиледи.