Социалдык тармактарда жаш жигит кызды мажбурлап, унаага салууга аракет кылып жаткан видео тарады.
Маалыматка караганда, окуя 15-апрелге караган түнү «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында болгон.
Чүй облустук Ички иштер башкы баркармалыгынан билдиришкендей, Сокулук райондук милициясы окуя болгон жерге барышкан. Учурда тергөө башталып, видео материалдагы жарандардын өздүгүн аныктоо аракеттери жүрүп жатат.