• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстанда «кыз эместигин» айткан кызды атасы муунтуп өлтүргөн

23 Жетинин айы 202413:18 Бишкек Govori.TV

Наманган шаарында ойго келбеген кылмыш катталган. Бул тууралуу UzNews.uz жазып чыкты.

Окуя мындай болгон. 22 жаштагы кыз атасы айткан жигитке турмушка чыгуудан баш тарткан. Ошол учурда ал «кыз эместигин» да атасына айтып коет. Кыздын атасы 49 жаштагы М.Э. ачуусу менен кызынын жоолугун өз кызынын мойнуна салып, ошол жерден муунтуп өлтүргөн.

Судмедэкспертиза текшергенде кыз калп айтканы, ал кыз эле бойдон экендигин аныкталган.

Буга чейин атасы кызына шакек салган жигитке турмушка чыгуусун айтканда кыз каршы болгон. Кызы анын башка жигити бар экендигин айткан. Атасы кызынын ал жигит менен мамилесин сурай баштаганда, кызы «кыз эместигин» айтып койгон. Ошондо атасы кызына ачуусу келип, анын абийирине кол салган адамдын атын атоону талап кылып, кызын муунта баштаган. Бир топко ушундай абалда кармап туруп кое бергенде кызы өлүп калганын билген. Аялы кызынын өлүгүн көрбөсүн деп өлүктү жертөлөгө алып барган.

Кыздын энеси сотто ортодогу эркек баласы үчүн күйөөсүн кечирүүгө даяр экендигин, бирок күйөөсү жасаган кылмышы үчүн айыбын толук тартышы керектигин айтып чыккан.

Сот кызын өлтүргөн эркекти айыптуу деп таап аны он жылга түрмөгө кескен.

Теги:
Количество просмотров: 536