• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Кызматта турганга моралдык укугу жок». Депутат Айдарова министр Ниязбековду сындады

18 Чын куран 2024 12:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова Ички иштер министри Улан Ниязбековдун дарегине сын айтты.

Депутат өз сөзүндө “министр ички иштер органдарынын кызматкерлерине көңүл бурбай жеке иши менен эле алектенип жүрөт” деген пикирин айтты.

“Жакында эле 216 батирлүү үй укук коргоо кызматкерлерине берилди. Батирлердин кантип бөлүштүрүлгөнүнө абдан таң калдым. Мисалы, жети балалуу үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батир, бир балалууга үч бөлмөлүү батир берилди. Бул кандай баш аламандык? Министр өзүнүн кызматкерлери менен иштебей жатат. Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, ушул министрдин кызмат ордун карап коюңузчу. Бул кишинин кызматта турганга моралдык укугу жок. Элди, кызматкерлерди алдап атат”, — деди ал.

Количество просмотров: 163