• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кызматтан алынган ОшМУнун ректору Кожобеков кайра ордуна келди

24 Бештин айы 202115:50 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында кызматынан бошотулган Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректорлугуна кайра келди. Маалыматты Govori.TVга Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үгүт иш-чарасына студенттер катышкандыгы үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан бошотулганын айткан. Бирок билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев 10-ноябрда ОшМУнун ректору кызматынан бошотулбаганын, ал кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирген. Кийин Кожобеков иштен алынганы тууралуу маалымат Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланган.

Количество просмотров: 217