Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан убактылуу гана четтетилди. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Медербек Ниязалиев билдирди.
«ОшМУнун ректору болгону убактылуу гана иштен четтетилди. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын комиссия ишти кайра кароого алды. Комиссия ишти кайра карап чыгып, андан кийин гана чечим чыгарат. Азырынча бизге кызматтан убактылуу чететтүү тууралуу гана буйрук келди»,-деди Ниязалиев
Бул арада Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ээлеген кызматынан бошотулуп, тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону кабарланды.
Эске салсак, 9-ноябрда Ош шаарында студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн билим берүү министри Болотбек Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.