• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

“Кызматтан жөн кетпей, камалып кетесиңер”. Жапаров Энергетика министрлигине ишкердин маселесин чечүүнү тапшырды

23 Кулжа 202116:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Анда ишкер Рахат Ирсалиев ички инвесторлор тарабынан чакан ГЭСтерди курууга болоорун, жана маселени тез арада чечүү үчүн мамлекет тарабынан тарифти белгилөө керектигин себеби, бүгүнкү күндө бул маселе чечиле элек деп билдирген

«Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга ондогон жылдар талап кылынат. Эң негизгиси мамлекеттин акчасынан бир тыйын да кетпейт, биз бардык тобокелдиктерди өз мойнубузга алабыз», — деди Р.Ирсалиев.

Президент ишкер Рахат Ирсалиев туура айтканын билдирди.

«Мен октябрь айында келип, ноябрь-декабрь айларында ошол мезгилдеги министрди чакырып, Рахат Ирсалиев менен жолугушуп, мамлекет электр энергиясын кичи ГЭСтен түз сатып алсын дегем. Рахат Ирсалиев үч жылдын ичинде үч чакан ГЭС курду, бирок мамлекет электр энергиясын сатып албайт, линияга туташтырбайт — эч нерсе кылбайт. Ал биткойндорду салууга мажбур болгон. Мен министрге келишим түзүп, электр энергиясын 1 кВт.саат үчүн 2 сом 90 тыйындан түздөн-түз сатып алууну тапшырдым. Анткени ал кезде электр энергиясын импорттоо 2 сом 90 тыйын болчу, учурда 2 сом 70 тыйын.

Министр «ооба» деп жооп берди. Бир нече айдан кийин мен мурдагы министрден сурасам, ал чакан ГЭСтер боюнча маселе чечилди, келишим түзүлгөн деп жооп берди. Ошондон бери маселе чечилди деп ойлогом. Бир ай мурун мен сизге чалып, маселе чечилдиби деп сурасам, маселе чечилген жок дедиңиз», — деди Садыр Жапаров.

Андан кийин ал жолугушууга азыркы Энергетика жана өнөр жай министри катышып жатабы деп сурады жана анын орун басары Таалайбек Ибраев катышып жатат деген жоопту алып, жума күнгө чейин Рахат Ирсалиев менен келишимди жана электр энергиясын Кыргыз Республикасы канча сомдон импорттой турганын талкуулап, көйгөйдү 100% чечип, андан кийин саат 17: 00дө ага отчет берүүнү буйруду.

«Сизге эки күн мөөнөт. Эгерде эки күндүн ичинде чече албасаңыз, дагы кечиктирсеңиз, саботаж болсо, анда бардык жетекчилик мага арызыңар менен келиңиздер», — деди президент.

Количество просмотров: 224