• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кызматтык унааны менчиктештирүүгө жол берүү сунушталууда

25 Бирдин айы 2020 11:25 Бишкек Govori.TV

Кызматтык унааны менчиктештирүүгө жол берүү сунушталууда. Турак-жай кодексине өзгөртүү Жогорку Кеңеште сунушталууда.

Долбоордо үйдү кезекке туруп, же иштеген жеринен алууга болору жазылат.

«Мамлекет кандайдыр бир салымы жана жетишкендиги үчүн атуулга батир берет. Бирок, ал кызматтык деп эсептелип, үй ээси менчиктештире албайт», — дейт ал.

Иштеген жеринен батир алгандар жумуштан кеткенден кийин үйүнөн кол жууп калууда.

«Мисалы, даарыгерлер жана мугалимдер пенсияга чыкканда батирин кайтарышы керек. Мындай учурлар азыр дагы кездешүүдө. Бул маселе Куралдуу күчтөрдүн ветерандарына дагы тиешелүү. Мамлекет элге жарыялап батир берип, кийин аны кайра алып кое алат. Бул адилетсиздик», — деп демилгечи депутат Мирлан Аманкулов.

Депутат кезекке туруп жана өзгөчө жетишкендиги үчүн батирге ээ болгондорго менчиктештирүүгө жол берүүнү сунуштайт.

Количество просмотров: 887