• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кызы, уулу, тегин… Кыргыздардын толук аттарынын формуласына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда

30 Кулжа 2023 12:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн кыргыз ысымдарына арналган тегерек стол өттү. Анда медиаэксперттер, юристтер, саясат талдоочулар жана активисттер катышып, кыргыздардын толук аттарынын формуласына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу талкууланды.

Улуттук идентификациалоонун маанилүүгү тууралуу сөз кылган медиаэксперт Азамат Тынаев кыргыз жарандарынын фамилиябыздагы «ов», «ова» деген кошумчалардын ордуна «кызы», «уулу», «тегин» деп алмаштыруу же жөн гана атасынын, чоң атасынын аты менен өзүнүн гана ысымын алуу туура болмок деген пикирин айтат.

«Жалпысынан алып караган болсок кыргыз аттарына арналган аны тандаган материал жокко эсе экен. Биздин аттарыбыздын жаралуу тарыхы өңдүү темаларды кыскача эле соцтармакта талкуулап коюп эле унутта калып жатат. Өз аттардын жазылуу тууралыгы бул маанилүү маселе деп ойлойм»,-дейт медиаэксперт Азамат Тынаев.

Ошондой эле ал өзүнүн кыргыз адам аттарынын жана фамилияларынын формуласына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушарналган материалын тааныштырды.

Тегерек столдо сөз сүйлөгөн саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов кыргыз тилин «эстеликке» айлантып койгондуктан коомчулуктагы түрдүү кайчы кептер, талкуулар жана адашуулар орун алып жатат.

«Улуттук идентификациялоо айрымдарга жакпайт экен, бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Биз кыргыз тилин «эстеликке» айлантып алдык. Кыргыз тилин кастарлайбыз, бийик коюп алганбыз, бирок колдонбойбуз. Мисалы белгилүү бир китептердин котормолору кыргыз тилинде аябай аз. А ошол эле учурда коңшу өлкөлөрдүн тилиндеги котормолор кеңири жайылган. Чаташтырган маселе бул орус тилинин биздин өлкөбүздөгү макамы. Бир өлкөдө бир гана тил болсо туура болмок. Орус тилин башка чет элдик тил катары окуп-үйрөнө берсе болот. Кыргыз тилин биз «эстелик» кылбашыбыз керек, аны колдонуп, өнүктүрүү керек», — деди Маматокторов.

Количество просмотров: 306