• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Кызыл-Аскер каналынан 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

3 Теке 20259:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кызыл-Аскер каналын тазалоо иштеринин алкагында 230 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы билдирди.

Белгиленгендей, канал көптөн бери тазаланган эмес. Натыйжада анда ири көлөмдө ылай, тиричилик таштандылары топтолгон. Бул көрүнүш каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн азайтып, жаан-чачындуу мезгилде суу каптоо коркунучун жараткан.

Иштер атайын техника — эксковаторлор, самосвалдар жана башка жардамчы жабдуулар менен жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 142