• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кызыл китепке кирген ак кунасты атып, сүрөткө түшкөн жигит кармалды

6 Баш оона 202014:16 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облустук милициясы өзгөчө  коргоого алынган, ак кунастарды атып, сүрөткө түшкөн жигитти кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы Э.Э. аттуу бала 30-июль күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында сайсыз ок атуучу курал менен жээкте учуп бара жаткан 3 ак кунасты (белый аист) атып, сүрөткө түшкөн.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 144-беренеси («Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 420