• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жалал-Абадда эки айылдын тургундары ортосунда чыр чыкты

15 Бугу 2023 17:44 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда спорттук мелдеш учурунда эки айылдын тургундары ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

13-14-май күндөрү Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылында көзү өтүп кеткен жарандардын элесине арналып, райондун 8 айыл өкмөтү арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулган. Оюндун экинчи күнүндө саат 15:30 чамасында Сары-Талаа айылынын балдары менен Кош-Алмурут айылынын балдары ортосунда кайым айтыш чыгып, урушуп кетишкен.

Бул окуя милицияда «бейбаштык» болуп каттоого алынган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, район акими Кайырбек Чаргынбаев, райондук милициянын башчысы Эрнис Сатаров барып, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Ала-Бука районунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө», — деп билдиришти милициядан.

Количество просмотров: 204