• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кызыл-Кыя шаарында бейбаштык кылган жаран Оштон кармалды

29 Бештин айы 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыя шаарында бейбаштык кылган жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы А.у.У аттуу тургуну 2022-жылдын 21-декабрь күнү түнкү саат 02.30дар чамасында уктап жаткан үйүнө Караван айылынын 26 жаштагы И.У.аттуу тургуну белгисиз себептер менен бастырып кирип, себеби жок уруп, денесине жараат келтиргени боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

28-декабрь күнү уюшкан кылмыштуу топтун 26 жаштагы И.У. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалган. Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 234