• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

7 Теке 2023 11:10 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июль күнү саат 20:20 чамасында, Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 кызматык номуруна Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурда аталган жансыз дененин өздүгү такталып, ал Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну С.Р. экендиги аныкталган. Маркумдун жансыз денесинин жаткан жери эч ким жашабаган кароосуз калган бөлмөнүн ичинен табылып, денесинде жарааты бар экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну 49 жаштагы Т.Т. Кызыл-Кыя шаарынан кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 101