• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кызыл-Кыяда бейбаштык кылган топ балдардын уюштуруучуларынын бири кармалды

14 Чын куран 2023 14:59 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыяда бейбаштык кылган топ балдардын уюштуруучуларынын бири аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну милицияга арыз менен кайрылып, жол четинде токтоп турган унааларына таш тийип, зыянга учурагандыктарын билдиришти.

Аталган факт Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы ээнбаштыкты уюштурганга шектелип 16 жаштагы Р.А. аттуу өспүрүм бала аныкталган, ал жактоочусунын катышуусунда сурак берип, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96,97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 13-апрелде түнкү саат 01:35 чамасында белгисиз балдардын тобу ызы-чуу салып, колдоруна таяк кармап, жол четинде токтоп турган автоунаалардын терезелерин таш менен урушкан. Ошондой эле алар жерине абалды турукташтыруу үчүн барган милиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Ошол эле түнү 14 жаш өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 171