• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

 Кызыл-Кыяда өрттөнүп жаткан үйдөн 2 өспүрүм куткарылды

13 Бирдин айы 2024 14:50 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыядагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн милиция кызматкерлери эки өспүрүм баланы аман-соо куткарып калды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын А. Султанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйүнүн 3-кабатынан 12-февралга караган түнү эрте менен саат 06.15тер чамасында өрт чыккандыгы боюнча маалымат 102 номерине келип түшкөн.

Кызыл-Кыя ШИИБдин төрт кызматкери токтоосуз күйүп жаткан үйгө кирип, эки өспүрүмдү аман-соо куткарып чыгышкан.

Количество просмотров: 77