Кызыл-Кыя шаарындагы “Аль-Гуфран” атындагы мечитке эрте менен молдо азан чакыруу үчүн барган учурда мечиттин ичинен ак шейшепке оролгон ымыркай эркек бала табылган.
Бул факт 2025-жылдын 3-январында Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, медицина кызматкерлердин көзөмөлүнө алынган, абалы туруктуу.
Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.