Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон сапарында Таш-Булак тилкесиндеги Кыргызстандын эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун салууга катышты.
МинКаб башчысы бул баалуу ресурсту өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын баса белгиледи.
«Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан — медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө жол ачат, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет», — деди Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров ошондой эле кенди иштетүүдө экологиялык таза мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, титаномагнетитти алууда уран, торий өңдүү кошумча пайдалуу кендерди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын айтты.